# Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 3-июлундагы №63 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 3-июлундагы №63 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13413/edition/1077984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 3-июлундагы №63 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60062

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 3-июну УӨ № 63

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын

8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам

жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелин-

деги № 1 "Бир жолу берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун алтынчы абзацындагы "10000 (он мињ)" деген сөздөр

"50000 (элүү мињ)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апре-

линде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аскер кыз-

матчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда

Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана

жабыр тарткан жарандарына материалдык жардам берүүнүн тартибинде:

2-пунктунун бешинчи абзацындагы "ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык

- 10000 (он мињ сом)" деген сөздөр "жогоруда аталган токтомдун 1-пунк-

туна ылайык - 50000 (элүү мињ) сом" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
