# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 540 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 540 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 540
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3318/edition/1146352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 540 "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600605

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 21-июну № 540 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 2021-жылдын 21-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэринкайра шайлоо, катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоо 2021-жылдын 5-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
