# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 525 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтом у

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 525 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтом у
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 525
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600590>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3303/edition/1146290/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600590.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 525 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтом у (19.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600590

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 19-июну № 525 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 18-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо, талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 2-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
