# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 815 "2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 815 "2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 815
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3254/edition/1122072/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 815 "2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө" токтому (10.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600541

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 10-декабры № 815 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 408 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Чаткал аймактык шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чаткал аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин

4. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
