# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 16-июнунун №89 "Кара-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 16-июнунун №89 "Кара-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60054>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13406/edition/395308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60054.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 16-июнунун №89 "Кара-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Токтому (02.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60054

---

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомуна ылайык

күчүн жоготту

Бишкек шаары

2010-жылдын 16-июну УӨ № 89

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кара-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү

мамлекеттик колдоо жөнүндө

Көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, "Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалды

жакшыртуу жана ар жылкы жылытуу сезонуна карата даярдоо үчүн казылган

көмүрдү тиешелүү эсепке алууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасы-

нын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:

1. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш

ресурстары министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Энергетика

министрлигинин карамагына өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин карамагында

"Кара-Кече" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кара-Кече" МИ) түзүл-

сүн.

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бир жумалык

мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна белгилен-

ген тартипте "Кара-Кече" МИнин Уставын бекитүү жөнүндө токтомдун долбо-

орун киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кара-Кече" көмүр

кенинин Борбордук участогун 2012-жылы 250 мињ тонна көмүр казуу

өндүрүштүк кубаттуулугуна жетүү менен иштетүү боюнча иштерди уюштуруу

үчүн "Кара-Кече" МИге 2010-2012-жылдар ичинде 650 (алты жүз элүү) мил-

лион сом суммасында финансылык каражат бөлүп берсин.

5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги "Ка-

ра-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүү максатында жер казы-

насын пайдалануу укугуна "Кара-Кече" МИге лицензия берсин.

6. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы Нарын облусунун Жумгал райондук

мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу боюнча:

- "Кара-Кече" кенинен көмүр казуучу ишканалар алып чыгуучу көмүрдү

контролдоону жана эсепке алууну уюштурсун;

- "Ак-Улак" разрези" акционердик коомунун атайын администратору

менен тараза жабдууларын ижаралоо жөнүндө келишим түзсүн жана белгилен-

ген тартипте аны акы төлөп пайдалануу жөнүндө сунуш киргизсин.

7. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрация баш-

чысы Нарын облусунун Жумгал районунун калкынын жењилдик берилген кате-

гориялары жана жакыр катмарлары үчүн жењилдик берилген баалар менен

көмүр берүү жөнүндө көмүр казуучу компаниялар менен макулдашууларды

түзүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актылары

ушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

9. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-ма-

йындагы № 50 "Шарбон" жабык акционердик коомунда, "Ак-Жолкөмүр" ачык

акционердик коомунда жана "Беш-Сары К" жоопкерчилиги чектелген коомунда

тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
