Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Кара-Кече» көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 июня 2012 года №360 "О создании Государственного предприятия «Кыргызкомур»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-02.
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомуна ылайык
күчүн жоготту
Бишкек шаары
2010-жылдын 16-июну УӨ № 89
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кара-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү
мамлекеттик колдоо жөнүндө
Көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, "Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалды
жакшыртуу жана ар жылкы жылытуу сезонуна карата даярдоо үчүн казылган
көмүрдү тиешелүү эсепке алууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасы-
нын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш
ресурстары министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Энергетика
министрлигинин карамагына өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин карамагында
"Кара-Кече" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кара-Кече" МИ) түзүл-
сүн.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бир жумалык
мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна белгилен-
ген тартипте "Кара-Кече" МИнин Уставын бекитүү жөнүндө токтомдун долбо-
орун киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кара-Кече" көмүр
кенинин Борбордук участогун 2012-жылы 250 мињ тонна көмүр казуу
өндүрүштүк кубаттуулугуна жетүү менен иштетүү боюнча иштерди уюштуруу
үчүн "Кара-Кече" МИге 2010-2012-жылдар ичинде 650 (алты жүз элүү) мил-
лион сом суммасында финансылык каражат бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги "Ка-
ра-Кече" көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүү максатында жер казы-
насын пайдалануу укугуна "Кара-Кече" МИге лицензия берсин.
6. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы Нарын облусунун Жумгал райондук
мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу боюнча:
- "Кара-Кече" кенинен көмүр казуучу ишканалар алып чыгуучу көмүрдү
контролдоону жана эсепке алууну уюштурсун;
- "Ак-Улак" разрези" акционердик коомунун атайын администратору
менен тараза жабдууларын ижаралоо жөнүндө келишим түзсүн жана белгилен-
ген тартипте аны акы төлөп пайдалануу жөнүндө сунуш киргизсин.
7. Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрация баш-
чысы Нарын облусунун Жумгал районунун калкынын жењилдик берилген кате-
гориялары жана жакыр катмарлары үчүн жењилдик берилген баалар менен
көмүр берүү жөнүндө көмүр казуучу компаниялар менен макулдашууларды
түзүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актылары
ушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-ма-
йындагы № 50 "Шарбон" жабык акционердик коомунда, "Ак-Жолкөмүр" ачык
акционердик коомунда жана "Беш-Сары К" жоопкерчилиги чектелген коомунда
тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №360 "«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2012 · № 360 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №137 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын уставын бекттүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2010 · № 137 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2010 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын №50 "Шарбон" жабык акционердик коомунда, "Ак-Жолкөмүр" ачык акционердик коомунда жана "Беш-Сары К" жоопкерчилиги чектелген…Постановление · 20.05.2010 · № 50 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №360 "«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2012 · № 360 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын №50 "Шарбон" жабык акционердик коомунда, "Ак-Жолкөмүр" ачык акционердик коомунда жана "Беш-Сары К" жоопкерчилиги чектелген…Постановление · 20.05.2010 · № 50 · Күчүн жоготкон