Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын «Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-19.
КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 22-октябрындагы № 759 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 19-октябры № 753 Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 699 токтому менен Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 5-октябрына дайындалган. 2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарынан 2021-жылдын 5-октябрындагы Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодо мыйзам бузуу болгондугу тууралуу жана 2021-жылдын 5-октябрындагы Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын № 9 протоколун жокко чыгаруу тууралуу арыз келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-октябрындагы № 695 чечими менен 2021-жылдын 5-октябрындагы Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын № 9 добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу жана № 38 шайлоонун натыйжалары тууралуу чечими жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө жобонун 44-2-пунктуна ылайык: "Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана (же) шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган учурда, кайра шайлоо шайлоого катышкан талапкерлердин арасында өткөрүлөт". "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 22-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин мурда шайлоого катышкан талапкерлер боюнча, кайра шайлоо 2021-жылдын 25-октябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Т. Шайназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы № 759 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 22.10.2021 · № 759
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 699 "Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.09.2021 · № 699
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2020 · № 244 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке избрания мэра города (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер (Кыргыз…Правила · 11.05.2020 · № 244 · Күчүн жоготкон