# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 767 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун № 3194 жана № 3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 1318 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 767 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун № 3194 жана № 3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 1318 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 767
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3202/edition/1115262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 767 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун № 3194 жана № 3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 1318 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому (01.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600489

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-ноябры № 767 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун № 3194 жана № 3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 1318 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө Жети-Өгүз, Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын № 3194, № 3195, № 1318 шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунушунун негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун №3194, №3195 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлсүн:

- № 3194 шайлоо участкасынын дареги Жеңиш айылынын Кененбай көчөсү 46 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Жеңиш айылынын Байгазы көчөсү № 15 дарегиндеги Б.Үкүев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;

- № 3195 шайлоо участкасынын дареги Ак-Терек айылынын Сатыке көчөсү 11 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Ак-Терек айылынын Сатыке көчөсү № 15 дарегиндеги Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 1318 шайлоо участкасынын дареги Буденов № 247 көчөсүндөгү эски имаратынан, Курманжан Датка көчөсү № 207/1 дарегиндеги "Баракат" ЖЧК жаңы имаратына өзгөртүлсүн.

3. Жети-Өгүз, Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
