# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 779 "Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2395, Ноокен районунун № 2186 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 779 "Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2395, Ноокен районунун № 2186 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 779
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600486>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3199/edition/1113556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600486.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 779 "Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2395, Ноокен районунун № 2186 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому (06.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600486

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 6-ноябры № 779 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2395, Ноокен районунун № 2186 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө Сузак, Ноокен округдук шайлоо комиссияларынын № 2395, № 2186 шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2395 шайлоо участкасынын дареги Боз-Чычкан айылынын Т.Азимов көчөсү дарегиндеги № 85 орто мектебинин имаратынан Таштак айылынын Мин-Орук көчөсү дарегиндеги № 71 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун № 2186 шайлоо участкасынын дареги Сакалды айылынын Ы.Орозалиев көчөсү 38 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Сакалды айылынын Ы.Орозалиев көчөсү 41 дарегиндеги № 11 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Сузак, Ноокен округдук шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
