# Кыргыз Республикасынын УО 2009-жылдын 25-июлунун №473 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2009-жылдын 25-июлунун №473 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 473
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13400/edition/847673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2009-жылдын 25-июлунун №473 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Токтому (29.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60047

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 25-июлу № 473

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы

№ 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган

мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары

жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик мил-

деттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы №

531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин

атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомуна төмөн-

күдөй толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин киреше-

сине алынууга жатпаган атайын каражаттардын тизмеси төмөнкү мазмундагы

35-42-пункттар менен толукталсын:

"35. Чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка чакы-

рылган жарандардан түшүүчү каражаттар.

36. Альтернативдик кызматка чакырылган жарандардан түшүүчү кара-

жаттар.

37. Аскердик же альтернативдик кызматтан өтпөгөн жана 27 жана ан-

дан жогорку жашка чыккан жарандардан түшүүчү каражаттар.

38. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин авиациялык кызмат

көрсөтүүлөрүнөн түшүүчү каражаттар.

39. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин автомобилдик

транспорттору менен жүктөрдү ташуудан түшүүчү каражаттар.

40. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин автомобилдик тех-

никаларын оњдоодон түшүүчү каражаттар.

41. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин күйүүчү-майлоочу

материалдарды сактоодон, ташуудан түшүүчү каражаттар.

42. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин басмаканалык кыз-

маттарынан түшүүчү каражаттар".

2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептелүүчү атай-

ын каражаттарга салыкты кошпогондо, түшүүчү атайын каражаттар бюджеттин

кирешесине алынууга жатпастыгы белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
