# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-октябры № 730 "Баткен облусунун Лейлек районунун № 8024 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-октябры № 730 "Баткен облусунун Лейлек районунун № 8024 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 730
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600463>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3179/edition/1113794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600463.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-октябры № 730 "Баткен облусунун Лейлек районунун № 8024 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө" токтому (09.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600463

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 9-октябры № 730 Баткен облусунун Лейлек районунун № 8024 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө Лейлек жана Ак-Суу округдук шайлоо комиссияларынын № 8024 жана № 3145 шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек районунун № 8024 шайлоо участкасынын дареги Голбо айылынын Жалал-Абад көчөсү 20 дарегиндеги коомдук иш чара өткөрүү борборунун эски имаратынан, Голбо айылынын Мектеп көчөсү 1 дарегиндеги Кожояр Казыев атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкасынын дареги Каракол шаарынын Торгоев көчөсү 57 дарегиндеги шаардык салык башкармалыгынын эски имаратынан, Каракол шаарынын Гречко көчөсү 29 дарегиндеги № 9 орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.

3. Лейлек жана Ак-Суу округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
