Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-октябры № 725 2021-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 696 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Жайнаков Алмазбек Аманбекович, Исмаилов Касым Асеинович, Эшимбеков Куттубай Токонович катталган. Талапкерлер А.Нуржанов айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-октябрындагы протоколу менен А.Нуржанов айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, А.Жайнаковго - 6 добуш, К.Исмаиловго - 0 добуш, К.Эшимбековге - 5 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-октябрындагы протоколу менен Жайнаков Алмазбек Аманбекович А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 4-октябрындагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн дайындалган Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-октябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жайнаков Алмазбек Аманбекович Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Койчукеевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Н.Койчукеев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 696 "Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону…Постановление · 15.09.2021 · № 696
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон