# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ткр боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 712 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн календардын тексттин бекитүү жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ткр боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 712 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн календардын тексттин бекитүү жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 712
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3171/edition/1116228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ткр боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 712 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн календардын тексттин бекитүү жөнүндө " токтому (28.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600455

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-сентябры № 712 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн календардын тексттин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8 жана 10-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 408 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн календардын тексти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
