# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 715 "Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 715 "Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 715
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3168/edition/1116220/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 715 "Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (28.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600452

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-сентябрынлагы № 715 Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Токтогул округдук шайлоо комисcияcынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Абдыкадыров Замирбек Кочкорбаевич жана Кудакеева Кишимжан комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Тургунбаев Эркин Эсенбаевич жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Бошкоева Перизат Нуршамиловна комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
