# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын от 28 сентября 2021 года № 716 " "2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 698 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын от 28 сентября 2021 года № 716 " "2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 698 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 716
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3167/edition/1116218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын от 28 сентября 2021 года № 716 " "2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 698 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жөнүндө (28.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600451

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ от 28 сентября 2021 года № 716 "2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 698 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 13-025/11601 сунушунун жана № 29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 4/1 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 698 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы № 58 пункт менен толукталсын:

"

№

№ УШК

Чет өлкөдөгү мекеме

Дареги

Электрондук почта

58

9058

КРдин Венгриядагы Элчилиги

44, BajzaStr., 1062, Будапешт ш.

kgembassy.hu@mfa.gov.kg

".

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана № 29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
