# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-октябрындагы № 717 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы Караколка айылынын № 3200 шайлоо участкасын жоюу жана Оргочор айыл аймагынын Кургак-Айрык айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-октябрындагы № 717 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы Караколка айылынын № 3200 шайлоо участкасын жоюу жана Оргочор айыл аймагынын Кургак-Айрык айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 717
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3165/edition/1116210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-октябрындагы № 717 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы Караколка айылынын № 3200 шайлоо участкасын жоюу жана Оргочор айыл аймагынын Кургак-Айрык айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө" токтому (03.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600449

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 3-октябры № 717 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы Караколка айылынын № 3200 шайлоо участкасын жоюу жана Оргочор айыл аймагынын Кургак-Айрык айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы Караколка айылынын № 3200 шайлоо участкасын жоюу жана шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Оргочор айыл аймагынын Кургак-Айрык айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы Караколка айылынын № 3200 шайлоо участкасы жоюлсун.

1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы Караколка айылынын № 3200 шайлоо участкасынын курамы таркатылсын.

2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынын Кургак-Айрык айылынын аймагында жаңы № 3260 шайлоо участкасы түзүлсүн.

2.1. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы жаңы түзүлгөн шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
