# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-октябрындагы № 718 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7176 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-октябрындагы № 718 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7176 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 718
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600448>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3164/edition/1116208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600448.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-октябрындагы № 718 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7176 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө" (03.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600448

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 3-октябры № 718 Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7176 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Аламүдүн округдук шайлоо комиссиясынын № 7176 шайлоо участкасынын имараты канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу дарегин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7176 шайлоо участкасынын дареги Төмөнкүү-Аларча айылынын Кыргызская көчөсү 190/б дарегиндеги "Интел" дүкөн имаратынан, Төмөнкүү-Аларча айылынын Кыргызская көчөсү 196 дарегиндеги "Таймаш" компьютердик клуб имаратына өзгөртүлсүн.

2. Аламүдүн округдук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
