# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 720 "2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деппутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун ырастамасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 720 "2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деппутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун ырастамасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 720
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3163/edition/1116206/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600447.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 720 "2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деппутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун ырастамасы жөнүндө" токтому (02.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600447

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 5-октябры № 720 2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деппутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун ырастамасы жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча» «Борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрндагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочуулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобонун 3.9-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун ырастамасынын үлгүсү (1-тиркеме) сүрөттөлүшкө ылайык (2-тиркеме) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмү жана пландоо, эсеп жана отчеттуулук бөлүмү аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык эл аралык байкоочунун ырастамасын даярдоону камсыз кылсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Ч. Койчукеевге жуктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
