# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 721 "Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 721 "Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 721
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3162/edition/1118437/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 721 "Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" (05.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600446

---

КР Борборшайлоокомунун 2021-жылдын 22-октябрындагы № 759 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 5-октябрындагы № 721 Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 406 тескемесине ылайык, Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Болотбеков Самарбек өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 22-октябрына дайындалсын жана саат 09-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрагасынын орун басары

Т. Шайназаров
