# 2021-жылдын 23-октября № 723 "Ош шаарындагы № 5901 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: 2021-жылдын 23-октября № 723 "Ош шаарындагы № 5901 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 723
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3160/edition/1116191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын 23-октября № 723 "Ош шаарындагы № 5901 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө " токтому (05.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600444

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 23-октября № 723 Ош шаарындагы № 5901 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Ош шаарындагы № 5901 шайлоо участкасынын имаратында оңдоо иштери өтүп жаткандыгына байланыштуу дарегин өзгөртүү жөнүндө Ош округдук шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарындагы № 5901 шайлоо участкасынын дареги Ленин көчөсү, 326 дарегиндеги Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музакалуу драма театрынын имаратынан Ленин көчөсү, 340 дарегиндеги "Айданек" бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ош округдук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегинин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Шайназаров
