# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.О.Самаевтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.О.Самаевтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 673
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3151/edition/1126116/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600434.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.О.Самаевтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (01.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600434

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-сентябры № 673 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.О.Самаевтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-августундагы протоколу менен Самаев Урматбек Обозбекович Токмок шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 30-августундагы № 669 токтому менен бекитилген. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самаев Урматбек Обозбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самаев Урматбек Обозбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
