Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Ош шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 30-августу № 668 2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Ош шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-августундагы № 644 токтому менен дайындалган Ош шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер - Мамбетов Алмаз Ишенбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Ош шаардык кеңешинин "Аманат" көпчүлүк коалициясынан сунушталып, катталган. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-августундагы протоколу менен Ош шаардык кеңешиндеги баардык 45 депутаты катышып, А.И.Мамбетов - 43 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш берилгендиги белгиленген. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-августундагы протоколу менен Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды. Ош шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 26-августундагы Ош аймактык шайлоо комиссиясынын Ош шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 токтому менен бекитилген "Бишкек жана Ош шаарларын мэрлерин шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 26-августунда өткөрүлгөн Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-августундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ош шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Постановление ЦИК КР от 6 августа 2021 года № 644 "О назначении выборов мэра города Ош Кыргызской Республики"Постановление · 06.08.2021 · № 644
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.12.2013 · № 191 · Күчүн жоготкон