Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 30-августу № 667 2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-августундагы № 643 токтому менен дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер - Джунушалиев Айбек Джанышбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясынан сунушталып, катталган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-августундагы протоколу менен Бишкек шаардык кеңешиндеги баардык 45 депутаты катышып, А.Д.Джунушалиев - 43 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш берилгендиги белгиленген. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-августундагы протоколу менен Джунушалиев Айбек Джанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды. Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 26-августундагы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 токтому менен бекитилген "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 26-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-августундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Джунушалиев Айбек Джанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бишкек шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Постановление ЦИК КР от 6 августа 2021 года № 643 "О назначении выборов мэра города Бишкек Кыргызской Республики"Постановление · 06.08.2021 · № 643
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.12.2013 · № 191 · Күчүн жоготкон