# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 699 "Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 699 "Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 699
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3130/edition/1112844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 699 "Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (16.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600413

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 16-сентябры № 699 Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 374 тескемесине ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри Халбеков Абдысамат Диканбаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 5-октябрына дайындалсын жана саат 09-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
