# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 695 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 695 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 695
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3126/edition/1112822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 695 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600409

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 15-сентябры № 695 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү маселелери боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 2 чечимин эске алып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

токтомдун тиркемесинде:

- 2-пункттун бешинчи - он үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"№ 4 Көк-Жар шайлоо округу № 5 Ноокат шайлоо округу № 6 Араван шайлоо округу № 7 Ош шайлоо округу № 8 Төлөйкөн шайлоо округу № 9 Кара-Суу шайлоо округу № 10 Куршаб шайлоо округу № 11 Алай шайлоо округу № 12 Өзгөн шайлоо округу";

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары № 4төн тартып № 12ге чейин (кошуп алганда) төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"№ 4 Көк-Жар шайлоо округу Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 80426 Чек аралары: Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы толугу менен; Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т. Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, № 5403 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет. № 5 Ноокат шайлоо округу Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 82006 Чек аралары: Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы № 5400, № 5401, № 5525, № 5593 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н.Исанов, Көк-Бел айыл аймактары толугу менен кирет. № 6 Араван шайлоо округу Борбору: Араван району, Араван айылы, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 91029 Чек аралары: Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нурабад, С.Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары толугу менен; Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет. № 7 Ош шайлоо округу Борбору: Ош шаары, мэриянын имараты. Шайлоочулардын саны: 110685 Чек аралары: Ош шаарынын Ош-МТУ-Жапалак, Ош-МТУ-1, Ош-МТУ-2, Ош-МТУ-3, Ош-МТУ-5 толугу менен кирет. № 8 Төлөйкөн шайлоо округу Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 118551 Чек аралары: Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Төлөйкөн, Папан айыл аймактары толугу менен; Ош шаарынын Ош-МТУ-4, Ош-МТУ-6 толугу менен кирет. № 9 Кара-Суу шайлоо округу Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 100604 Чек аралары: Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Суу шаары, Ак-Таш, Жоош, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактары толугу менен кирет. № 10 Куршаб шайлоо округу Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 112847 Чек аралары: Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, № 5059, №5060, № 5062, № 5063, № 5473, № 5498, № 5578, № 5579 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары толугу менен кирет; Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары толугу менен; Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагы толугу менен кирет. № 11 Алай шайлоо округу Борбору: Алай району, Гүлчө айылы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 115944 Чек аралары: Алай районунун Будалык, Бүлөлү, Гүлчө, Жошолу, К.Белекбаев ат. Алай, Кабылаң-Көл, Коңур-Дөбө, Корул, Ленин, Сары-Могол, Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө айыл аймактары толугу менен; Чоң-Алай районунун Жекенди, Кашка-Суу, Чоң-Алай айыл аймактары толугу менен; Кара-Кулжа районунун Алайку, Капчыгай, Кара-Гүз, Кеңеш, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Сары-Булак, Чалма, Ылай-Талаа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа айыл аймактары толугу менен кирет. № 12 Өзгөн шайлоо округу Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты. Шайлоочулардын саны: 90047 Чек аралары: Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Колдук, Кызыл-Тоо, Мырза-Аке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары толугу менен кирет, Өзгөн шаарындагы № 5499, № 5064, № 5065, № 5061, № 5066 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет";

- "№ 31 Кемин округдук шайлоо комиссиясынын курамы" деген сөздөр "№ 31 Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясынын курамы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
