# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-апрелиндеги № 58 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бишкек-Динамо» спорттук баскетболдук клубу коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө" чечими

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-апрелиндеги № 58 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бишкек-Динамо» спорттук баскетболдук клубу коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө" чечими
- Актынын түрү: Решение
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/60-202/edition/1100626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-апрелиндеги № 58 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бишкек-Динамо» спорттук баскетболдук клубу коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө" чечими (10.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600402

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ЧЕЧИМИ

2021-жылдын 10-апрели № 58 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бишкек-Динамо» спорттук баскетболдук клубу коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Бишкек-Динамо» спорттук баскетболдук клубу коомдук фондунун 2021-жылдын 8-апрелиндеги (кир.№01-13/1140) билдирүүсүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бишкек-Динамо» спорттук баскетболдук клубу коомдук фондунан келип түшкөн билдирүү эске алынсын.

2. Бул чечим аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

Председатель

Н.Шайлдабекова
