Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу өлкөбүз үчүн жабыркагандардын «Баатырлар үмүтү» коомдук бирикмесинин билдирүүсү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ЧЕЧИМИ
2021-жылдын 10-апрели № 57 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу өлкөбүз үчүн жабыркагандардын «Баатырлар үмүтү» коомдук бирикмесинин билдирүүсү жөнүндө «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, өлкөбүз үчүн жабыркагандардын «Баатырлар үмүтү» коомдук бирикмесинин 2021-жылдын 6-апрелиндеги (кир.№01-13/1103) билдирүүсүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу өлкөбүз үчүн жабыркагандардын «Баатырлар үмүтү» коомдук бирикмесинен келип түшкөн билдирүү эске алынсын.
2. Бул чечим аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Председатель
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 11 июлндагыу № 226 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз…Постановление · 11.07.2017 · № 226
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 21 · Күчүн жоготкон