# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-июнунун №103 ""Кошой" ачык акционердик коомунда тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-июнунун №103 ""Кошой" ачык акционердик коомунда тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60040>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13393/edition/381953/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60040.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-июнунун №103 ""Кошой" ачык акционердик коомунда тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө" Токтому (05.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60040

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2010-жылдын 26-июну УӨ № 103

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кошой" ачык акционердик коомунда

тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 токтомунун редакциясына ылайык) Кант кызылча өстүрүүдө иштеген айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кы-

зыкчылыктарын мамлекеттик коргоо, республиканын ичиндеги рыноктун ата

мекендик өндүрүштө чыгарылган ак кантка керектөөсүн камсыздоо, "Кошой"

ачык акционердик коомунун мүлктүк комплексинин активдерин сактоо макса-

тында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын

21-апрелиндеги № 18 "Юридикалык жактарга тышкы башкаруу жол-жоболорун

киргизүү жөнүндө" Декретине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Убакты-

луу Өкмөтү токтом кылат:

1. 2011-жылдын 1-апрелинен 2012-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде

"Кошой" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине "Кошой"

ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу үчүн дайындоо укугу өткөрүп бе-

рилсин.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
