# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-октябрындагы № 248 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-октябрындагы № 248 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3116/edition/1087514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-октябрындагы № 248 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому (02.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600391

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 2-октябры № 248 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобонун 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочулар катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын (1-тиркеме).

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-октябрындагы № 248 токтомуна

Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ

№ к/м

күб. №

Эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу

Ф.А.А.

Өлкө

Кызмат орду

1

0275

Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Ализода Назирмад

Тажикстан Республикасы

Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

2

0276

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Шигапов Фанис Фидаилевич

Россия Федерациясы

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин атташеси

3

0277

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Аглиулин Ренат Рустамович

Россия Федерациясы

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин атташеси
