Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 2-октябры № 248 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобонун 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочулар катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын (1-тиркеме).
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-октябрындагы № 248 токтомуна
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/м
күб. №
Эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу
Ф.А.А.
Өлкө
Кызмат орду
1
0275
Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги
Ализода Назирмад
Тажикстан Республикасы
Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
2
0276
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги
Шигапов Фанис Фидаилевич
Россия Федерациясы
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин атташеси
3
0277
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги
Аглиулин Ренат Рустамович
Россия Федерациясы
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин атташеси
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик)…Постановление · 09.11.2016 · № 197
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62