# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 241
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3109/edition/1087285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 29-сентябры № 241 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрында № 224 токтому менен ачылган Москва шаарында кошумча түзүлгөн шайлоо участкасын ишин каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 134 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда "447726500 (төрт жүз кырк жети миллион жети жүз жыйырма алты миң беш жүз)" деген сөздөр "449583700 (төрт жүз кырк тогуз миллион беш жүз сексен үч миң жети жүз)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын кошумча сметасы тиркемеге ылайык 1857200 (бир миллион сегиз жүз элүү жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги жана Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
