КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2020-жылдын 21-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 28-сентябры № 238 2020-жылдын 21-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2020-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 194 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Ашыров Марс Мидинович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-августундагы протоколу менен Ак-Бешим айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, М.М.Ашыров - 10 добуш алганы, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 21-сентябрындагы протоколу менен Ашыров Марс Мидинович Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Чүй облусунун Чүй районунун Ак - Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Ак - Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 21-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ашыров Марс Мидинович Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 194 "Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо…Постановление · 02.09.2020 · № 194
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон