# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 24-июнунун №100 Внимание! Документу присвоен статус "Утратил силу". Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 24-июнунун №100 Внимание! Документу присвоен статус "Утратил силу". Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13391/edition/445648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 24-июнунун №100 Внимание! Документу присвоен статус "Утратил силу". Токтому (06.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60038

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2010-жылдын 24-июну УӨ № 100

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан

суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн

2010-жылга карата тарифтерин белгилөө жөнүндө

Республикадагы экономикалык кырдаалды эске алып, айылдык товар

өндүрүүчүлөргө суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүдө ыњгайлуу шарттарды

түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:

1. Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу

берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2010-жылга карата тир-

келген тарифтери бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айылдык товар өндүрүүчү-

лөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат

көрсөтүүлөргө акы төлөө тарифтери 2010-жылдын 1-июлунан баштап колдону-

лаары;

- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул токтом-

го карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Суу

чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 24-июнундагы

УӨ № 100 токтому менен

бекитилген

Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба

системаларынан суу берүү боюнча кызмат

көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2010-жылга карата

ТАРИФТЕРИ

| Суу пайдалануу | Жыл ичинде тарифтин | КНСти кошпогондогу |
| --- | --- | --- |
| субъекттеринин аталышы | колдонулуу мөөнөтү | тарифтик ставка |
|  |  | (1 куб.м суу |
|  |  | үчүн тыйын) |
| I. Агрардык сектордун суу |  |  |
| пайдалануучулары |  |  |
| - кадимки райондор | IV квартал | 1,0 |
|  | III квартал | 3,0 |
| - оор жана жагымсыз табигый | IV квартал | 0,2 |
| климаттык шарттары бар | \------------------- | \------------------ |
| райондор | III квартал | 1,0 |
| II. Өнөр жай жана энергетика | Жыл бою | 10,0 |
| секторунун суу |  |  |
| пайдалануучулары |  |  |
| III. Коруктар, заказниктер, | Жыл бою | 1,0 |
| жаратылыш эстеликтери, |  |  |
| улуттук, дендрологиялык жана |  |  |
| зоологиялык парктар, маданият, |  |  |
| илим, билим берүү, саламаттык |  |  |
| сактоо мекемелери |  |  |
