# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.С.Жоробаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.С.Жоробаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 236
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3104/edition/1087297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.С.Жоробаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (25.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600379

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 25-сентябры № 236 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.С.Жоробаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Суйунбаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Суйунбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жоробаев Жаныбек Суйунбаевичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
