# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 23-июнунун №99 "Кыргыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 23-июнунун №99 "Кыргыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13390/edition/329051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 23-июнунун №99 "Кыргыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө" Токтому (23.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60037

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 23-июну УӨ №99

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү

берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасында референ-

думга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катышуу үчүн өздүк күбөлүктөр менен

өз учурунда камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өк-

мөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыр-

гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо

кызматы Кыргыз Республикасында референдумга (бүткүл элдик добуш

берүүгө) катышуу үчүн акысыз негизде жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыр-

гыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнү камсыз кыл-

сын.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн жөнөкөйлөтүл-

гөн тартипте берүү төмөнкү документтер болгондо жүргүзүлсүн:

- документинин жоктугунун объективдүү себептерин көрсөтүү менен

арызы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын гербдүү мөөрү менен

күбөлөндүрүлгөн жашаган жеринен маалымкаты;

- Ф-1 формасы:

- 3 х 4 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтү, 2 даана.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
