# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 225 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 225 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3093/edition/1076257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 225 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому (18.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600361

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 18-сентябры № 225 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобонун 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочулар катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын (1-тиркеме).

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова

1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 225 токтомуна

Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ

№ к/м

күб №

Эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу

Ф.А.А.

Өлкө

Кызмат орду

1

066

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы

Постивый Сергей Александрович

Украина

Украинанын БШК мүчөсү

2

067

Украинанын БШК

Шараг Екатерина Дмитриевна

Украина

Украинанын БШК Секретариатынын жетекчиси

3

068

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Харази Саид

Иран Ислам Республикасы

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

4

069

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Ростамиян Таги

Иран Ислам Республикасы

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Биринчи кеңешчиси

5

070

Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгү

Хайне Ронни Дирк

Германия Федеративдик Республикасы

Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү

6

071

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ)

Покраяц Саша

Сербия Республикасы

ЕККУ ДИУАБ узак мөөнөттүү байкоочулардын координатору

7

072

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ)

Ханжин Андрей Сергеевич

Россия Федерациясы

ДИУАБ Миссиясынын улуттук азчылыктар маселелери боюнча эксперт

8

073

Кыргыз Республикасындагы Нидерланд Королдугунун Элчилиги

Карстенс Андрэ

Нидерланд Королдугу

Кыргыз Республикасындагы Нидерланд Королдугунун Элчиси

9

074

Эл аралык шайлоо системалары фондунун өкүлчүлүгү (IFES)

Левовски Рената Василевна

Молдова Республикасы

Эл аралык шайлоо системалары фондунун өкүлчүлүгүнүн директору (IFES)

10

075

Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өкүлчүлүгү

Хонг Ын Хе

Корея Республикасы

Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары

11

076

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Сироткин Сергей Никанорович

Россия Федерациясы

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

12

077

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Абдусаломов Мирза-Улугбек Элчиевич

Өзбекстан Республикасы

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы

13

078

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Алимов Шерзод Батырович

Өзбекстан Республикасы

Өзбекстан Республикасынын БШКнын МКТ бөлүмүнүн башчысы

14

079

Израиль мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Френкель Галина

Израиль

Израиль мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Консул
