Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 18-сентябры № 225 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобонун 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочулар катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын (1-тиркеме).
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 225 токтомуна
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/м
күб №
Эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу
Ф.А.А.
Өлкө
Кызмат орду
1
066
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы
Постивый Сергей Александрович
Украина
Украинанын БШК мүчөсү
2
067
Украинанын БШК
Шараг Екатерина Дмитриевна
Украина
Украинанын БШК Секретариатынын жетекчиси
3
068
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги
Харази Саид
Иран Ислам Республикасы
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
4
069
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги
Ростамиян Таги
Иран Ислам Республикасы
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Биринчи кеңешчиси
5
070
Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгү
Хайне Ронни Дирк
Германия Федеративдик Республикасы
Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү
6
071
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ)
Покраяц Саша
Сербия Республикасы
ЕККУ ДИУАБ узак мөөнөттүү байкоочулардын координатору
7
072
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу (ДИАУБ)
Ханжин Андрей Сергеевич
Россия Федерациясы
ДИУАБ Миссиясынын улуттук азчылыктар маселелери боюнча эксперт
8
073
Кыргыз Республикасындагы Нидерланд Королдугунун Элчилиги
Карстенс Андрэ
Нидерланд Королдугу
Кыргыз Республикасындагы Нидерланд Королдугунун Элчиси
9
074
Эл аралык шайлоо системалары фондунун өкүлчүлүгү (IFES)
Левовски Рената Василевна
Молдова Республикасы
Эл аралык шайлоо системалары фондунун өкүлчүлүгүнүн директору (IFES)
10
075
Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өкүлчүлүгү
Хонг Ын Хе
Корея Республикасы
Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары
11
076
Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы
Сироткин Сергей Никанорович
Россия Федерациясы
Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
12
077
Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы
Абдусаломов Мирза-Улугбек Элчиевич
Өзбекстан Республикасы
Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы
13
078
Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы
Алимов Шерзод Батырович
Өзбекстан Республикасы
Өзбекстан Республикасынын БШКнын МКТ бөлүмүнүн башчысы
14
079
Израиль мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы Элчилиги
Френкель Галина
Израиль
Израиль мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Консул
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик)…Постановление · 09.11.2016 · № 197
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62