# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Москва шаарында шайлоо участогун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Москва шаарында шайлоо участогун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3092/edition/1076251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Москва шаарында шайлоо участогун түзүү жөнүндө" токтому (18.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600360

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 18-сентябры № 224 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Москва шаарында шайлоо участогун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрында № 20/1 чечими менен Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аймагында үчүнчү шайлоо участогу түзүлдү. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерине ылайык, "Шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аймагында Москва шаары, Большая Ордынка, 64 көчөсүндө № 9015 шайлоо участогу түзүлсүн.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте 2020-жылдын 21-сентябрына чейин № 9015 участкалык шайлоо комиссиясын түзсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
