Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Москва шаарында шайлоо участогун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 18-сентябры № 224 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Москва шаарында шайлоо участогун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрында № 20/1 чечими менен Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аймагында үчүнчү шайлоо участогу түзүлдү. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерине ылайык, "Шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аймагында Москва шаары, Большая Ордынка, 64 көчөсүндө № 9015 шайлоо участогу түзүлсүн.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте 2020-жылдын 21-сентябрына чейин № 9015 участкалык шайлоо комиссиясын түзсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 241 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 29.09.2020 · № 241
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 224 "Чүй, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана…Постановление · 22.09.2020 · № 229
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62