# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 214 "Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 214 "Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3082/edition/1070467/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 214 "Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (14.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600350

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 14-сентябры № 214 Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 337-р буйругу менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чоодуев Уран Казымбекович каза болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 2-октябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
