# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 21-июнунун №95 "Референдумга жана шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн пайдалануу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 21-июнунун №95 "Референдумга жана шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн пайдалануу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13387/edition/329048/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 21-июнунун №95 "Референдумга жана шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн пайдалануу жөнүндө" Токтому (21.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60034

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 21-июну УӨ № 95

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Референдумга жана шайлоого катышуу үчүн Кыргыз

Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн

пайдалануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү)

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-ап-

релиндеги УӨ № 20 Декретинин 7-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республика-

сынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бийликтин аткару-

учу-тескөөчү органдары менен бирдикте жер-жерлерде 18 жашка толгон жана

паспорттору жок адамдарды табуу боюнча иштерди жүргүзсүн, аларды андан

кийин Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн алуу үчүн аймак-

тык паспорттук бөлүмдөргө жөнөтсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын жарандарын тездетилген аскердик каттоого алуу боюнча чараларды

көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын жаранынын өздүк күбөлүгүнүн бланктарын даярдоо үчүн Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 500000 (беш

жүз мињ) сом бөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Референдум өткөрүү жана шайлоо боюнча

борбордук комиссиясына зарыл чараларды көрүү жана өзүнүн нормативдик

укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунуш кылынсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймак-

тык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
