Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Референдумга жана шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн пайдалануу жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары
2010-жылдын 21-июну УӨ № 95
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Референдумга жана шайлоого катышуу үчүн Кыргыз
Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн
пайдалануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү)
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-ап-
релиндеги УӨ № 20 Декретинин 7-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республика-
сынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бийликтин аткару-
учу-тескөөчү органдары менен бирдикте жер-жерлерде 18 жашка толгон жана
паспорттору жок адамдарды табуу боюнча иштерди жүргүзсүн, аларды андан
кийин Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн алуу үчүн аймак-
тык паспорттук бөлүмдөргө жөнөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын жарандарын тездетилген аскердик каттоого алуу боюнча чараларды
көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын жаранынын өздүк күбөлүгүнүн бланктарын даярдоо үчүн Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 500000 (беш
жүз мињ) сом бөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Референдум өткөрүү жана шайлоо боюнча
борбордук комиссиясына зарыл чараларды көрүү жана өзүнүн нормативдик
укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунуш кылынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймак-
тык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.