# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 17-майынын №45 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 17-майынын №45 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60032>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13385/edition/371282/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60032.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 17-майынын №45 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Токтому (13.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60032

---

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы УӨ N 127 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2010-жылдын 17-майы УӨ № 45

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апре-

линдеги УӨ № 22 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" ток-

томуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталыштагы жана 1-пункттагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;

- 2-пункттун күчү жокко чыгарылсын, ушул токтом күчүнө кирген

учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апре-

линдеги УӨ № 23 "А.А.Сариевди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефе-

рендум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын төрагалыгына

дайындоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталыштагы жана 1-пункттагы ар башка жөндөлүштөгү "Убактылуу"

деген сөз алып салынсын.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
