КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2020-жылы 17-августундагы өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 24-августу № 174 2020-жылы 17-августундагы өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2020-жылы 17-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-июлунда № 147 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Кадыров Рысбек Зарлыкович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-августундагы протоколу менен Он-Арча айылдык кеңешиндеги 11 депутатынын 9 депутаты катышып, Р.З.Кадыров 9 добуш алган "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-августундагы протоколу менен Кадыров Рысбек Зарлыкович Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 17-августунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кадыров Рысбек Зарлыкович Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы Он-Арча айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-июлундагы № 147 "Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн…Постановление · 30.07.2020 · № 147
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон