Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 17-августу № 166 Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-июлундагы № 141 токтому менен 2020-жылдын 14-августуна дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы катышкан талапкерлер зарыл болгон добуштарды албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланган жок. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 12-августундагы № 3/11 буйругу менен Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы Кубат уулу Таалайбек каза болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 1-сентябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 4-сентябрына дайындалсын жана саат 09:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.
2. Сокулук, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурсун жана камсыздасын:
- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;
- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;
- колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-июлундагы № 141 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун…Постановление · 27.07.2020 · № 141
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон