# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын от 1 апреля 2021 года № 100 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын от 1 апреля 2021 года № 100 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3032/edition/1100325/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын от 1 апреля 2021 года № 100 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө" (01.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600298

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-апрели № 100 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тууралуу шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун сунушун эске алып, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20, 25, 26-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарына жана 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт иштерине катышуу үчүн тиркемеге ылайык төмөндөгү жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар аккредитациялансын:

- 7 (жети) жалпыга маалымдоо каражаттары;

- 2 (эки) интернет басылмалар.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын тизмеси жайгаштырылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 100 токтому менен бекитилген

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө Сыналгы

№

Наименование СМИ

1

Общественная телерадиовещательная корпорация Кыргызской Республики Телеканал: "ОТРК/КТРК"

2

Общественная телерадиовещательная корпорация Кыргызской Республики Телеканал: "Ала-Тоо 24"

Радио

№

Наименование СМИ

3

ОсОО "Радиокомпания "Европа" Радиостанция "Ретро ФМ"

4

ОсОО "Радиокомпания "Европа" Радиостанция: "Европа плюс Кыргызстан"

5

ОсОО "Радиокомпания "Европа" Радиостанция: "Кыргызстан Обондору"

6

ОсОО "Радиокомпания "Европа" Радиостанция: "Суйунчу ФМ"

7

Общественная телерадиовещательная корпорация КР Радиостанция: "Биринчи радио"

Интернет-басылмалар

№

Наименование интернет-изданий

8

ОсОО "Агентство коммерческой информации "Кыргызстан" Информационное агентство "АКИpress" www.akipress.org

9

ОсОО "Информационное агентство "24.kg" Информационное агентство: www.24.kg
