# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 99 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 99 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3031/edition/1088286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 99 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому (01.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600297

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-апрели № 99 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ислам Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү, Македония Республикасынын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү эл аралык байкоочулар катары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда тиркемеге ылайык аккредитациялансын.

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 99 токтомуна тиркеме

Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ

№ к/м

күб. №

Байкоочу көрсөтүлгөн эл аралык уюм

Ф.А.А.

Өлкө

Кызмат орду

1

015

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ)

Ахмед Сарир

Мальдив Республикасы

Делегациянын башчысы, Элчи

2

016

ИКУ

Шакир Махмуд Бандар

Ирак Республикасы

Элчи, делегациянын мүчөсү

3

017

ИКУ

Намиг Хусейнов

Азербайжан Республикасы

Элчи, делегациянын мүчөсү

4

018

ИКУ

Алотаиби Саллал Альхамаидис

Сауд Арабия

Делегациянын мүчөсү

5

019

Македония Республикасынын Мамлекеттик шайлоо комиссиясы (МШК)

Даштевски Александар

Македония Республикасы

МШКнын төрагасы

6

020

Македония Республикасынын МШКсы

Стояноски Бобан

Македония Республикасы

МШКнын мүчөсү

7

021

Македония Республикасынын МШКсы

Лога Кренар

Македония Республикасы

МШКнын мүчөсү

8

022

Македония Республикасынын МШКсы

Ристовски Оливер

Македония Республикасы

МШКнын мүчөсү

9

023

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги

Маэда Сигеки

Япония

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи

10

024

Япониянын Элчилиги

Идзицу Сатоши

Япония

Япониянын Элчилигинин экинчи катчысы

11

025

Япониянын Элчилиги

Ямагути Юдзи

Япония

Япониянын Элчилигинин үчүнчү катчысы

12

026

Япониянын Элчилиги

Симидзу Минори

Япония

Япониянын Элчилигинин атташеси
