# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрели № 96 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрели № 96 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3028/edition/1088280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрели № 96 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (01.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600294

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-апрели № 96

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

"Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н. Шайлдабекова
