# КР БШКынын 2021-жылдын 26-марты № 90 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумгачыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атаын чыцгарылышын басып чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР БШКынын 2021-жылдын 26-марты № 90 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумгачыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атаын чыцгарылышын басып чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3022/edition/1069164/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР БШКынын 2021-жылдын 26-марты № 90 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумгачыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атаын чыцгарылышын басып чыгаруу жөнүндө" токтому (26.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600288

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-марты № 90

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумгачыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атаын чыцгарылышын басып чыгаруу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде дайындалган референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандардын маалыматтык жактан камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасыннын Мыйзамынын долбоору боюнча референдуму (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” КыргызРеспубликасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-6-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисстялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Мыйзамынын долбоорунун тексти газетанын атайын чыгарылышында тиражы 1 100 000 (бир миллион жүз миң) нуска менен мамлекеттик жана расмий тилдерде басып чыгарылсын.

2.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын шайоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова
