# КР БШК 2021-жылдын 22-марты № 87 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 12 "макул", жетекчиси - Ж.Б.Макеева)"

- Толук аталышы: КР БШК 2021-жылдын 22-марты № 87 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 12 "макул", жетекчиси - Ж.Б.Макеева)"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3019/edition/1100319/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР БШК 2021-жылдын 22-марты № 87 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 12 "макул", жетекчиси - Ж.Б.Макеева)" (22.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600285

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 22-марты № 87

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 12 "макул", жетекчиси - Ж.Б.Макеева)

2021-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 13 адам, жетекчиси Ж.Б.Макеева башында турган "макул" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-14/882) келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 12-катар номери менен курамы 13 адамдан, жетекчиси Макеева Жаркынай Болотбековна башында турган "макул" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.

2. № 12 "макул" үгүт топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Таалайбеков Нурлан Таалайбекович катталсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-мартындагы № 87 токтомунун тиркемеси

№ 12 "макул" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ

№

ФАА

Туулган датасы

1

Макеева Жаркынай Болотбековна (жетекчиси)

30.01.1996

2

Абдиева Чачыкей Уезбаевна

24.08.1995

3

Акмолдоева Гуля Чопиевна

04.04.1962

4

Алыбаев Тилек Белекович

23.12.1991

5

Бегалиев Муратбек Акимович

21.06.1955

6

Литовченко Виктория Дмитриевна

11.09.2000

7

Макеева Эркинай Болотбековна

24.02.2001

8

Медербекова Индира Зарлыковна

19.10.1974

9

Мисиркан уулу Улукбек

27.02.1998

10

Мыктарбек кызы Алтынбүбү

23.11.1999

11

Рыскулбеков Арген Жаныбекович

12.07.1996

12

Таалайбеков Нурлан Таалайбекович

19.10.1990

13

Убайдылдаев Мирбек Жекшеналыевич

25.02.1980
